Пятница, 22 ноября

Түрк бийлиги дагы бир жолу ФЕТО коркунучу тууралуу эске салды

0

Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп ТүркПАнын жыйынында уюмга мүчө өлкөлөрдү гүленчилерге каршы турууга чакырды.

Ал Фетхуллах Гүленчи террордук уюмун Түркиянын баалуулуктарын бурмалап, жаштардын аң-сезимине кол салган уюм деп атады. Ошондой эле ал айрым ири өлкөлөрдүн чалгындоо аппаратына кызмат кылган уюм болуп эсептелет деген пикирин айтты.

Аны менен катар Шентоп бул уюм Түркияга дос жана бир тууган өлкөлөрдө дагы ишин улантып келе жатканына тынчсыздануусун билдирди.

«Бул террордук уюм жалгыз эле Түркияга эмес, алар иштеп жаткан бардык өлкөлөрдүн социалдык түзүлүшү жана демократиясы үчүн коркунуч туудурат. Мындан улам дин жана билим берүүдө, жарандык коомдордо маска колдонуп иш-аракетин жүргүзүп келе жатат. Биз баарыбыз биргеликте буга каршы иш алып барышыбыз керек. 2016-жылы өзүбүздүн учактар менен Түркиянын парламентине үч бомба таштаган учкучтар дагы айрым бир чет өлкөлүк мектептердин директорунун буйругун аткарышты», — деди Түркия парламентинин төрагасы.

Ошондой эле ал азыркы кырдаалда глобалдык жана регионалдык көйгөйлөрдү чечүүдө биримдикте болуу зарылчылыгын белгиледи.

Соңунда Шентоп Түркия Фетхуллах Гүлендин террордук уюму менен күрөшүүдө ишин жыйынтыктап калганын, дүйнөдө бир дагы гүленчи калбай калганга чейин күрөш уланарын айтты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз