Среда, 24 апреля

Кыргызстанда маймыл чечеги катталган учур жок

0

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын аймагында жана коңшу өлкөлөрдө маймыл чечеги менен ооругандар катталган жок. Бул тууралу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, Саламакттык сактоо министрлиги тарабынан маймыл чечегин алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Ошондой эле медициналык кызматкерлердин арасында кызамык жана дене табынын кескин көтөрүлүүсү, оорунун учурларын аныктоо боюнча дарыгерлердин кесипкөйлүгүн көтөрүүчү окутуулар өткөрүлүүдө.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму азырынча пандемия жарыялоого коркунуч жок деп маалымдады.

Эскерте кетсек, буга чейин бир катар ЖМКлар ДССУга шилтеме берип, маймыл чечеги пандемиясы жарыяланганын жазып чыгышкан. Бирок КР Саламаттык сактоо министрлиги бул маалыматта төгүндөдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз