Понедельник, 6 мая

Атамбаев: Циркке катышуунун кажети жок

0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн да Октябрь окуясы боюнча соттук отурумга алып келинди.

Журналист УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ага абакта аябай жакшы шарт түзүлгөнүн айтканын жеткирип, чыныгы картина кандай экенин сурады.

«Эгер кимдир бирөөгө менин отурган шартым жагып жатса, ордумду аны менен алмаштырууга даярмын», — деди Атамбаев.

Ал эми «өкүм чыгардын алдында акыркы сөзүңүздү айтасызбы?» деп сураганда ооз ачпай турганын, бирок эркиндикке чыкканда айтчу сөзү көп экенин билдирди.

Сот отуруму башталгандан кийин мурдагы президент тосмону тепкилеп кайрадан чуу салып, залдан чыгарылды. Мындай кадамын ал «циркке катышуунун кажети жок» деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Атамбаевге бардык шарттардын түзүлгөнүн, абакта ээн-эркин жүрөрүн айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз