Понедельник, 1 июля

Эрдоган Швеция жана Финлядиянын НАТОго кирүүсүнө макулдугун берди

0

Түркия, Швеция жана Финляндия 28-июнда НАТО уюмунун Испаниянын борбору Мадрид шаарында өткөн саммитинде коопсуздук боюнча макулдашууга кол коюшту. НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин айтымында, бул макулдашуу Швеция менен Финляндиянын аталган уюмга кошулуу процессине жол ачат.

Түрк президентинин администрациясы билдиргендей, бул эки өлкө Күрдистан жумушчу партиясын жана расмий Анкара террордук деп эсептеген башка да бирикмелерди колдобоо милдеттенмесин алышты.

Йенс Столтенберг Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусу Орусиянын президенти Владимир Путиндин аталган уюмдун орус чек арасындагы күчтөрүн азайтуу максатын ишке ашырылгыс кылган кадам катары сыпаттады.

Орусия Украинага кол салгандан кийин эки өлкө тең салттуу нейтралитет макамынан баш тартып, НАТОго кирүүнү чечкен. Ага кирүү альянска мүчө мамлекеттердин баарынын бир добуштан колдоосун талап кылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз