Социалдык тармактарга Ысык-Көл облусуна караштуу Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатынын пляжында болгон массалык мушташтын видеосу тарады.
Жаштар пансионаттын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен чырдаша кеткени айтылууда.
Ысык-Көл облустук ИИБ окуя болгонун тастыктап, учурда текшерүү жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, пансионаттын пляжындагы мушташ тууралуу бүгүн саат 12:50дө кабарланган.
«Жерине тергөө ыкчам тобу менен милициянын мобилдик кезмети дароо жөнөп кеткен», — деди ведомстводон.
Милиция мушташка катышкандардын бардыгы кармалганын билдирди.
«18 адам кармалды. Алардын бирөө Жалал-Абад облусунун, үчөө Чолпон-Атанын, калгандары Сары-Ой айылынын тургундары», — деди ИИБ.