Воскресенье, 19 мая

Арслан Койчиев Арслан Койчиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалдынун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

0

Кыргызстандын президентинин мурдагы кеңешчиси Арслан Койчиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.

Койчиев президенттин кеңешчиси кызматында 2021-жылы февраль айынан баштап иштеген.

Ал 55 жашта, тарых илимдеринин кандидаты, «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин вице-президенти, «Токтогулдун маданий мурасы» коомдук фондунун президенти.»Мисмилдирик», «Бакшы жана Чынгызхан» тарыхый романдарынын автору. «Азаттык», Би-Си-Си медиаларында эмгектенген.

Буга чейин Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп жазуучу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Раев иштеп келген. Ал 31-мартта эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп дайындалган эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз