Ысык-Ата районунда 13 жаштагы кызды поезд сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Окуя болгон жерге ыкчам топ барып, анда милиция кызматкерлери 2009-жылы туулган кыздын сөөгүн табышкан.
Аталган факт милициянын электрондук журналына каттоого алынган.
Кырсык катталган жерде аталган өспүрүм кыздын блокноту табылып, анда кыз жашоого болгон көз карашын жазып жүргөнү жана чоң энеси менен жашай турганы белгилүү болгон.
Учурда иштин жагдайын аныктоо үчүн бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Сотко чейинки өндүрүш уланууда.