Пятница, 22 ноября

Япониянын ысыктын айынан 17 адам өлдү

0

Япониянын борбору Токиодо катуу ысыктын айынан 17 адам каза болду.

Токионун Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына караганда, кечээ 6 жаштан 97 жашка чейинки 294 адам күн өтүүнүн белгилеринен улам ооруканага жаткырылып, 17 адамдын болсо катуу ысыктан каза тапканы кабарланды.

Япониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) 40 градустан ашкан катуу ысыктын жакынкы күндөрдө да таасирин уланта турганын билдирди.

Адистер ысыкка каршы сууну көп ичүүгө жана кондиционер колдонууга чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз