Воскресенье, 28 апреля

Өзбекстанда абал тынч эмес

0

Өзбекстандагы Каракалпакстан Республикасында миңдеген киши митигге чыкты. Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукуста эл Өзбекстандын Башмыйзамына киргизиле турган өзгөртүүгө каршы чыгууда. Башмыйзамга өзгөртүү киргизиле турган болсо, Каракалпакстан Республикасынын суверендүү статусу жокка чыгарылат жана Өзбекстандан бөлүнүп чыгуусунун алды алынат.

Нукустагы митингдер көзкарандысыз журналист Даулетмурат Тажимуратов кармалгандан кийин күч алды. Социалдык түйүндөрдө Каракалпакстан Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоо жана Өзбекстандан бөлүнүп чыгуу чакырыктары жасалууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз