Понедельник, 13 мая

Кой-Таштагы аскер өзүн-өзү атып алган

0

Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен кокусунан ок чыгарган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, саат 02.00дөр чамасында болгону такталды.

«Аскер кызматчысы Түп райондук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Түнкүсүн ал күзөттө кароолчу кызматты аркалаган. Куралга этиятсыз мамиле кылуунун натыйжасында кокусунан ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Окуя болгон жерде Башкы штабдын жетекчилигинен, аскер бөлүктөрүнүн командачылыгынан, Аскердик прокуратуранын кызматкерлеринен жана Аламүдүн РИИБдин адистеринен турган комиссия иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске салсак, бүгүн аскерге чакырылган жоокер Элдияр Жайлообеков өзүн атып алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз