Воскресенье, 12 мая

Сот Токтоучиковду 2,5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды

0

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган Марат Токтоучиков 2,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Соттун өкүмү менен Марат Токтоучиков «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Ал жалпы режимдеги түзөтүү мекемесине камалды.

Эскерте кетсек, казак диаспорасынын экс-жетекчиси Токтоучиков 2021-жылдын апрель айында саясат таануучу Марат Казакпаев менен мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып кармалган.

Ал эми Марат Казакпаев ушул жылдын 10-июнунда Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз