Воскресенье, 5 мая

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны өсүүдө

0

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

«Өлкөдө COVID-19дун жаңы 48 учуру катталса, алардын 43ү Бишкекте аныкталды. Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган. Абалы орто», — деп айтылат маалыматта.

Оорулуулардын арасынан тогузу Россия, Түркия, Өзбекстан, АКШдан келгени кошумчаланды.

Жуктургандар:

Бишкек — 43;

Чүй облусу — 4;

Ош шаары — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 201 101 адам аталган дартты жугузуп алган. Республикалык штаб элди коронавируска каршы эмделүүгө чакырууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз