Пятница, 17 мая

«Берекет» базарындагы сатуучуларды базарга киргизбей койду

0

  «Берекет» ЖАК базарынын администрациясы базардын дарбазаларын жаап, базарда иштегендерди киргизбей жатат.

Эскерте кетсек, 11-апрелде Соода борбордун ижара убактысы бүткөн, администрация аны улантуудан баш тарткан. Себеби, Соода борборунун ордуна башка жаңы соода комплекси курулаарын айтышууда.

Ал эми соодагерлер митинге чыгышып, соода борборуна киргизүүнү талап кылышууда. Эгерде киргизишпесе миңдеген адам митингге чыгышат деп эскертишүүдө.

Соода борборунун администрациясы соодагерлерди кууп чыккан жок, бирок алардын жумуш ордун бошотуп чыгып кетүүсүнө шарт түздү.

«Берекет» соода борборунда 1500дөй адам иштээри айтылууда. Соодагерлер администрация кызматкерлери дааратканаларды жаап, сууну токтотконун жана электрди кескенин айтышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз