“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов 2012-жылдын 3-августуна чейин эч кандай документсиз курулуп калган үйлөрдүн жерин мыйзамдаштыруу долбоорун сунуштады. Бул болсо, коомчулукта жана эксперттик чөйрөдө “Ата Мекен” партиясынын шайлоого болгон даярдыгы катары кабыл алына баштады.
Алмамбет Шыкмаматовдун ою боюнча азыркы мыйзам боюнча 1999-жылга чейин эч кандай документсиз салынып калган үйлөрдү мыйзамдаштырууга болот, а жердин көбү 2005-жылы жана 2010-жылдары революция учурунда басылып алынган:
“Жерине документи жок жарандар өз убагында жумушка орношо албайт, аскердик каттоого тура албайт, шаардын маанилүү коомдук-саясий иш-чараларына жигердүү катыша алышпайт жана тиешелүү медициналык жардамды ала алышпайт. Көпчүлүгү өзүнүн чогулткан акчасынын баарын үй-жай курууга сарптап салган калктын социалдык жактан талылуу катмары”.
Бишкектин айланасында 47ге жакын жаңы конуш бар экени маалым. Ал конуштардагы 3,6 миңден ашык жер участогун мыйзамдаштыруу шайлоо алдында “Ата Мекен” партиясына аз эмес добуш алып келиши толук мүмкүн.
Буга кошумча айта кетүүчү нерсе, 23-апрелге мерчемделген митингди утурлай бул сунуштун кайрадан айтылуусу маанилүү болуп эсептелинет.