Суббота, 21 сентября

Түркияда эки чалгынчы кармалды

0

Бириккен Арап Эмираттарынын кызыкчылыгы үчүн чалгындоо жүргүздү делген эки киши Стамбул Башкы прокуратурасынын иликтөөсүнүн натыйжасында кармалды. Иши сотко өткөн бул эки киши аскерий, саясий жана эл аралык чалгындоо кылды делип сот тарабынан камака алынды.

Коопсуздук жана сот органдары азырынчы бул кишилердин аты-жөнүн аташкан жок. Бирок камалган бул эки кишинин 2-октябрь 2018-жылы Сауд Аравиянын Стамбулдагы элчилигинде оппозициялык журналист Жемаль Кашыкчынын өлтүрүлүшүнө тиешесинин бар же жок экендигинин иликтенип жаткандыгы маалым болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз