Суббота, 21 сентября

Жер шарында пайда болгон алгачкы молекула

0

Космосто илимпоздор Жер шарында пайда болгон алгачкы молекула тибинин бир өрнөгүн белгилешти.

АКШнын Авиация жана космос агенттиги НАСАнын жарыясына караганда, Инфракызгылт астрономия үчүн Стратосфера обсерваториясы (SOFIA) ааламда пайда болгон алгачкы молекула катары билинген, «гелий гидрид» деп аталган, гелий жана суутек атомдорунун биригүүсү менен пайда болгон молекуланын бир үлгүсүн космосто белгиледи.

Жер шарынан 3 миң жыл жарык жылы алыстыктагы Ак куу (Cygnus) топ жылдызынын жанындагы «NGC 7027» планета тумандуулугунда белгиленген молекула алгач ирет космосто байкалган.

Чоң жарылуудан орто эсеп менен 100 миң жыл кийин пайда болгон гелий гидриттин, бири-бирине көз каранды топтор абалындагы атомдор түзгөн химиялык аралашмалардын эң кичине негизги түзүлүшү болгон молекулалардын алгачкы үлгүсү экенин илимпоздор божомолдоодо.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «Nature» журналында жарыяланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз