Суббота, 21 сентября

“Ош шаары –Түрк дүйнөсүнүн маданий борборунун”  расмий ачылышы болууда

0

20-апрелде Кыргызстандын түштүк борбору — “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп аталышынын расмий ачылышы болууда. Бул иш чарага дүйнөдөгү түрк тилдүү мамлекеттердин  кеңсеси жайгашкан Анкарадан ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүйсөн Касеинов баштаган 9 мамлекеттен коноктор келишти. Алар 19-апрелде Ош шаарына учуп келишкен.

Аларды Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, маданият жана искусство тармагынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Маданий иш-чаралар сүмөлөк кайнаткан казанды ачуу менен башталды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” Эл аралык иш-чарасын баштоого бардык даярдыктар көрүлгөн.  20-апрелде кечке жуук Президент Сооронбай Жээнбеков анын расмий ачылышын жасап, сөз сүйлөмөкчү.

Буга чейин маалым болгондой, 16-апрелден баштап Ош шаарына 15тей мамлекеттен 500дөй конок келе турганы айтылган. Аларды тейлегенге 3 тилде эркин сүйлөгөн 100гө жакын волонтер иштеп жатышат. Ал эми Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Ош шаарына 200дөй өнөрпоз да келген.

Бул саамалыктын алкагында дагы бир чоң иш-чара өткөнү турат. Ал – ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын 7-жыйыны Ош шаарында өткөнү жатат.

Бийликтер Эл аралык иш-чаралар өтүп жаткан учурда тейлөө тармагын жакшы көрсөтүүнү жергиликтүү калктан өтүнүүдө. Негизинен бул иш-чарага 3 айдан бери катуу даярдык көрүлдү. Коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн 4 багыт боюнча комиссия түзүлүп, иш алып барышкан.

Жалпылап айтканда, “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чарасы – быйыл, жыл бою болуп, 25 чоң салтанат пландаштырылган. Алардын 23ү Эл аралык болсо, экөө республикалык деңгээлде өтүүчү иш-чара.

Алгач 19-апрелде ачылыш аземинде расмий коноктор үчүн Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Коркут ата» спектакли коюлду.

Андан соң Ош шаарындагы Жаштар эс алуу багында «Кадыр түн тосуу» кечеси өткөрүлдү. Майрамдык иш-чарада эл аралык салтанатка келген конокторго кыргыз элинин каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлдү. Кечеге катышкан коноктор жакшы максат менен жасалып жаткан сүмөлөктүн даярдалуусуна күбө болуп, каалоо-тилектери менен бөлүштү.

Ал эми иш-чаранын экинчи күнү бүгүн, 20-апрелде, ошол эле эс алуу багында энелер кайнаткан сүмөлөк ачуу шааниси менен ачылды. Бул иш-чарага күбө болуп жаткан конокторго сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер  айтылды.

Бул долбоордун алкагында «Түрк дүйнөсүнүн этномаданияты» фестивалы, «Элдик каада-салттар», «Этномузыка», «Этномода» иш-чаралары өтөт. ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция болмокчу. «Алымбек датка» этнографиялык борборунда «Түрк элдеринин маданияты Сулайман-Тоодо» аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин түрк элдеринин «Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү» өтөт.

Иш чаранын уюштуруучусу болгон Ош мэриясынын маалыматы боюнча, бул күндөрү “Этномаданият” фестивалы  да өткөрүлөт. Ошондой эле Эл аралык спорттук турнирлер болот. “Ош – балдардын көзү менен” деп аталган Эл аралык балдардын сүрөт көргөзмөсү өткөрүлө турган болууда жана Түрк мамлекеттеринин сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулган. Мында белгилүү сүрөтчүлөр Ош шаарында жай мезгилде келип, шаардын кооздугун тартышып, өздөрүнүн эмгектерин  таштап кетишет. Андан сырткары Түрк тилдүү мамлекеттердин кино жумалыгын уюштурулууда. Ошондой эле Кыргызстандын маданият жаатында эмгек сиңирген ишмерлеринин катышуусундагы атайын маданий прогармма түзүлгөн. Бул – өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүлөт. Анын ичинде Ош шаарында дагы болот. Мындан сырткары, “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана ынтымактын символу”,- аттуу Ош фест туристтик фестивалы дагы өткөрүлөт. Анын ичинде эле буга чейин Кыргызстандын аймагында өткөрүлгөн белгилүү оймо, шырдак аттуу кол өнөрчүлөрдүн долбоорлорун уюштуруу пландаштырылган. Мында атайын жарманке уюштурулат. Ошондой эле Эл аралык дизайнерлердин сынагы да өткөрүлөт.

Иш-чарага Түркия, Казакстан, Македония, Сербия, Азербайжан, Өзбекстан, Россиянын Башкырстан, Тува Республикаларынын чыгармачыл жамааттарынын да катышмакчы.

Ош шаары 2019-жыл үчүн «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деп жарыяланган. Мындай чечим былтыр 18-декабрда Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн Туруктуу кеңешинин 36-отурумунда бир добуштан кабыл алынган. Ага Кыргызстандын түштүк борборунун үч миң жылдан ашык тарыхы, Сулайман-Тоо баш болгон тарыхый музейлер менен эстеликтердин сакталып калышы жана башка маданий объектилердин бар экендиги себеп болгон.

А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз