Воскресенье, 28 апреля

Таласта күйдүргү оорусу тастыкталды, бул канчалык кооптуу?

0

Таластын Кара-Буура районунда эки жарандан күйдүргү оорусу тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы канааттандырарлык. “Санэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кара-Буура районунда күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен төрт жаран ооруканага жаткырылган.

Күйдүргү эң коркунучтуу жугуучу оорулардын бири болуп эсептелинет. Алгач адамдын терисинде жараларды пайда кылып, андан соң өпкө жана ичегилерди чиритет. Күйдүргү бактериясы аябай чыдамдуу жана өзүн өзгөртүп коргоно алат. Суука жана ысыкка чыдамдуу болгондуктан жайгашкан жерде ондогон жылдар бою жандууларга коркунуч жарата алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз