Суббота, 23 ноября

Ош: «Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык иш-чарасы башталды

0

Ага 20дан ашык мамлекеттерден 500дөй коноктор катышып жатышат. Аларды ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов жетектеп келди. 20-апрелде расмий конокторду Ош шаарынын мэри тосуп алып, тарыхий Ош шаарынын меймандостугуна күбөө болуп кетүүгө чакырды. Бул күнү шаарда бир күндө 14 маданий саамалык өткөрүлдү. Анын башкысы кечки саат 20:00дө борбордук А. Сүйүмбаев атындагы стадиондо Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусундагы расмий ачылыш аземи болмокчу.

Бүгүн, 20-апрелде, алгачкы иш-чара катары чет элден келген коноктордун катышуусунда сүмөлөк ачуу аземи болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов баштаган расмий коноктор жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Ош шаарынын борбордук аянтында чоң салтанатка карата чоң программадагы концертке акыркы даярдыктар көрүлүп жатты. Негизинен бул күнү 14 багыт боюнча атайын программа менен иш кетти. Анын арасында, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун расмий конокторду кабыл алуусу мэриянын жыйындар залында өттү.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дүйсөн Касеинов Оштун 3 миң жылдык тарыхы бар экенин, Жибек жолдун тоомунда жайгашканын белгилеп, Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борборундагы иш-чараларга келишкендиктерин кубануу менен айтты.

Бул иш-чаралар – Ош шаары, дегеле Кыргызстан үчүн байыркы шаарды Түрк дүйнөсүнө таанытууда абдан чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Ош шаарынын эки жагын мактануу менен айтса болот. Алардын бири 3 миң жылдык тарыхы болсо, экинчиси маданий жагы. Буларга Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов токтолду.

Конокторду жылуу тосуп алгандан кийин Ош шаарынын эстелик белектери тапшырылды. Андан кийин Ош шаарынын борбордук аянтында майрамдык программадагы салтанаттар уланды.

Ал эми бул иш-чаралардын алкагында дагы бир чоң иш-чара өткөнү турат. Ал – ТҮРКСОЙго мүчө-өлкөлөрдүн ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын 7-жыйыны Ош шаарында өтөт.

Жалпылап айтканда, “Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чарасы – быйыл, жыл бою болуп, 25 чоң салтанат пландаштырылган. Алардын 23ү Эл аралык болсо, экөө республикалык деңгээлде өтүүчү иш-чара.

Белгилей кетсек, бүгүн, саат 20:00дө Ош шаарынын стадионунда негизги ачылыш аземин президент Сооронбай Жээнбеков ачат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз