Суббота, 21 сентября

1300 жылдык алтындан жазылган китеп колго түшүрүлдү

0
Түркиянын Диярбакыр районунда, жандарма милициясынын ыкчам аракетинин жыйынтыгында, 1300 жылдык папирус кагазына алтындан жазылган диний мотивдүү китеп колго түшүрүлдү.

Райондук жандарма башкармалыгынын ыкчам чалгындоо кызматынын жардамында, Бисмил жана Эргани райондорунда 3 киши 1300 жылдык папирус кагазына алтын менен жазылган диний мотивдүү китепти сатуу үчүн кардар издеп жаткандыгы белгилүү болгон.

 Башкы прократуранын буйругу менен 2019-жылыдын 20-апрелинде  Бисмил районунда уюштурулган операция да, арап алфавити менен папирус кагазына алтындан жазылган, 51 жалбырак 102 барактан түзүлгөн диний мотивдүү китепти сатууга аракеттенген 7 киши кылмыш үстүндө кармалды.

Колго түшүрүлгөн тарыхый китеп коргоого алынып, окуяга шектүү кармалган 7 киши тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз