Пятница, 3 мая

1-сентябрда үй, транспорт жана жер салыгын төлөө мөөнөтү аяктайт

0

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертип маалымат таратты. Ага ылайык, жарандар унаа каражатына, жашаган үйүнө же батирине, үйдүн алдындагы, короо-жай жанындагы бак-чарба жер участокторунун салыгын 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөшү керек. Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык тараптарга 5 миң сом айып салынат.

Быйылтан тартып мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтарды тараптар салык органдарына тапшырышы керек. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз