Суббота, 20 апреля

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда күн 42 градуска чейин ысыйт

0

Өлкө аймагында 20-25-июль аралыгында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй өрөөнүндө абанын күндүзгү температурасы 36…41, Таласта 34…39 градус ысык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42, тоо этектеринде 34…39 градус ысык болушу күтүлөт.

Суусамыр өрөөнүндө 27…32, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36, тоолуу райондордо 24…29, бийик тоолордо 14…19 градус чейин көтөрүлүшү мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз