“Манас айылын” реконструкциялоонун мыкты эскизине жарыяланган ачык архитектуралык сынактын жыйынтыгы жарыяланды. «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгы 19-июлда билдиргендей, сынакка 14 долбоор сунуш кылынган.
Эң көп (23) упай топтогон долбоорго биринчи орун, 9 упай алган долбоорго экинчи, ал эми бирдей (6) упай топтогон эки долбоорго үчүнчү орун ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө 1,5 миллион, 1 миллион жана 250 миң сомдон сыйлык тапшырылмай болду.
Мыкты деп табылган долбоорлор эми курулуш жүргүзө турган мекемеге жөнөтүлөт, ал жактан акыркы чечим кабыл алынат.
6-июнда жарыяланган сынакка түшкөн архитектуралык долбоорлор боюнча коомдук талкуу эки күн уланып, калыстар тобунун бүтүмү 8-июлда чыгарылган.
