Воскресенье, 19 мая

БУУ: Дүйнө жүзүндө ачарчылык болоору күтүлүүдө

0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) дүйнө жүзүндө ачарчылык болорун болжолдоп жатат. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруучу директору Дэвид Бизли билдирди.

Анын айтуусунда азыркы тамак-аш кризисине дүйнөлүк алкакта көңүл бурулбаса, калк жапырт ачарчылыкка, саясий туруксуздукка жана көзөмөлсүз миграцияга дуушар болушу мүмкүн.

«Биз буга чейин болуп көрбөгөндөй кризиске туш болуп жатабыз. Аны стратегиялык жактан чечпесек, жапырт ачарчылыкка, ондогон өлкөлөрдүн туруксуздугуна жана массалык миграцияга туш болобуз», — деген Бизли.

БУУнун өкүлү келерки жыл бул жагынан азыркыдан алда канча оор болушу мүмкүн экенин эскертти. Ал ошондой эле жакынкы 6-12 айда азык-түлүктүн кымбатташынан улам дүйнөлүк коомчулук кыйынчылыктарга туш болорун кошумчалаган.

Бизлинин айтымында, абал негизинен Россия жана Беларустан дүйнөлүк рынокко жер семирткичтерди жетпей жатканынан, ага салынган чектөөлөрдөн улам курчуп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз