Понедельник, 6 мая

Коронавирустун жаңы түрү дүйнөгө жайылууда

0

Дүйнөдө коронавирустун «омикрон» штаммынын «кентавр» деп аталган жаңы түрү жайылууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлап, анын белгилери, жугуу коркунучу тууралуу маалымат берди.

Республикалык штабдан билдиришкендей, калк арасында «Кентавр» деп аталып калган SARS-CoV2 мутациясы окумуштуулар тарабынан BA.2.75 катары белгиленет. Алгачкы ирет аны Индияда аныкташкан, бирок вирус башка өлкөлөргө — Улуу Британия, АКШ, Австралия, Германия, Канадага жана азыр Орусияга тез өтүп кетти.

COVID-19дун бул варианты адам өлүмү учурларынын төмөндүгү менен айырмаланат.

«Кентаврдын» белгилери:

  • дене табынын жогорулашы
  • дененин алсыздыгы
  • булчуңдардын оорушу жана баш оору
  • ашказандын оорушу
  • жыт сезүү бузулбайт
  • жогорку дем алуу жолдору көбүрөөк жабыркайт, бирок пневмония сейрек өнүгөт.

Эске салсак, коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр бар экени белгиленген.

Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус жуктурган жаңы учурлар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз