Пятница, 3 мая

Түркия Сириядагы террордук топторду жок кылууну көздөөдө

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Сириянын Тель-Рыфат жана Манбиж аймактары террористтердин уясына айланганын, террордук уюмдар баш калкалаган бул портторду тазалоого эбак эле убакыт келгенин айтты.

Эрдоган Түркия-Иран-Орусия үч тараптуу саммит жыйынынын ачылышында сөз сүйлөдү. Ал «Улуттук коопсуздугубузга кастык кылган түзүмдөрдүн Сириядагы тамырын жулуп таштоого чечкиндүүбүз», — деп айтты. «Аймагыбыздын келечегинде жикчил террордук уюм жана анын уландыларына орун жок экени бардык тараптар тарабынан так түшүнүлүшү керек», — деди.

Алдыдагы мезгилде канкор террордук уюмдарга каршы тайманбастык менен күрөштүн улана турганын белгиледи. Эрдоган Сирия калкына жасала турган эң жакшы кайрымдуулуктун жикчил террордук уюмдун басып алган жерлерден тазаланышы экенин белгилеп: «Орусия Федерациясы жана Ирандан бул күрөштө Түркияга колдоо көрсөтүшүн күтөбүз», — деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз