Воскресенье, 28 апреля

Фото. Түркмөнстандын президенти келди, ак “Гелендвагенге” минди

0

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Сердар Бердымухамедов башка өлкө башчылардан айырмаланып Ыссык-Көдүн Тамчы аэропортунан ак “Гелендвагенге” минди. Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери ак S класс “Мерседестерге” минсе, Түркмөнстандын президенти ак “Гелендвагенди” тандады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз