Пятница, 3 мая

Видео. Кара-Балтада коронавирус менен ооругандарды башка бейтаптарга кошуп жаткырганбы?

0

Социалдык тармактарда Кара-Балта шаарында коронавирус менен ооруган эки бейтап башка бейтаптар, анын ичинде ичеги инфекциясы менен жабыркаган балдар менен бир имаратка жаткырылганы тууралуу маалымат тараган.

Чүй облусунун Жайыл райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Кубанычбек Чойбеков “Кабар” агенттигине бул тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жакында эки адам алы кетип жаткандыгына даттанып ооруканага кайрылган. Алардын ПЧР-тести оң жыйынтык көрсөтүп, бирок ошол эле учурда алар өздөрүн жакшы сезип жаткандыгын билдирген.

“Коронавирус жуктурган эки бейтапты биз обочолонгон бөлмөгө жайгаштырдык. Учурда бейтаптар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал эми бейтаптарды башка имаратка изоляциялоого токтолсом, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан облуста кызыл зоналарды ачуу боюнча буйругу жок. Бирок бүгүн ЛОР бөлүмүн ылайыкташтырып, коронавируска шектелген бейтаптар келсе ошол жакка жайгаштырабыз, анткени, ал бөлүмгө өзүнчө эшиктен кирүүгө болот жана дааратканасы дагы өзүнчө”, — деди ал.

Ошондой эле дарыгер бүгүн дагы эки аял кайрылганын, анын бири кош бойлуу экендигин билдирип, алардан ПЦР-тест алынгандыгын, бирок азырынча жыйынтыгы чыга электигин кошумчалады.

«Экөөнүн тең дене табы бираз көтөрүлүүдө. Алардын бирин төрөт үйүндөгү обочолонгон бөлмөгө, экинчисин гинекология бөлүмүнө жайгаштырдык. Эгерде алардан коронавирус аныкталса, анда аларды ЛОР бөлүмүнө жайгаштырып, дарылоону баштайбыз», — деди директор.

https://youtube.com/shorts/T3F9fTY3tvc?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз