Суббота, 21 сентября

Жаңылыш партияга добуш берип алган киши бармагын кести

0

«Пилге добуш бермекмин бирок жаңылыштык менен гүлгө добуш бердим»,- деген Кумар бушаймандык менен чыкпай турган сыяга малынган сөөмөйүн кести.

БиБиСинин кабарына караганда Индиянын Уттар Прадеш аймагындагы Паван Кумар аттуу шайлоочу парламенттик шайлоодо добушун бергенден кийин жаңылыштык менен бийликтеги Бхаратия Жаната партиясына добуш бергендигин байкады. Кумар социалдык медиада жарыяланган видеодо жергиликтүү бир партияга добуш берүүнү каалагандыгын бирок добуш берүү машинасында көп сандаган символдордон адашкандыгын айтты.

Индияда парламенттик шайлоодо бийликтеги BJPнин символу лотос гүлү ал эми Бахужан Самаж партиясынын символу пил болгон.

Индияда 11 —  апрелде башталган парламенттик шайлоонун экинчи баскычы 19-апрельде өткөрүлдү. Шайлоонун калган баскычтары 29 —  апрелде жана 12-19 —  май күндөрү өткөрүлөт. Шайлоо жыйынтыктарынын 23 —  майда билдирилиши күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз