Воскресенье, 5 мая

Миллиондогон адамдын жанын алган коронавирустун кайдан чыкканы эми белгилүү болду

0

Коронавирус пандемиясы Кытайдын Ухань шаарындагы айбанаттар базарынан жайылган. Бул тууралуу Science журналы жазып чыкты. Журналдын маалыматына ылайык илимпоздордун эки тобу изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келген.

Биринчи изилдөөдө адистер илдеттин тараганын түшүнүү үчүн картографиялык каражаттарды жана социалдык тармактардагы маалыматтарды пайдаланган. Натыйжада алар 2019-жылдын этегинде вирус базарда сатылган жаныбарлардын организминде бар болчу деген бүтүм чыгарышты.

2019-жылдын 20-декабрына карай COVID-19га чалдыккан сегиз киши катталган. Бардыгы базардын бир канатында соода кылгандар жана сатып алуучулар болгон. Алгачкы күндөрдө инфекцияланган дагы бир нече бейтап базарга барбаганы менен ал жайга жакын жашачу.

Ал эми экинчи изилдөөнүн авторлору вирустун жаныбардан адамдарга кантип өткөнүн билүү үчүн молекулярдык ыкманы колдонушкан. Алар баштапкы стадияда коронавирустун эки варианты болгонун, биринчисин адам баласы жандыктан болжол менен 2019-жылдын 18-ноябрынын айланасында жугузуп алган деген жыйынтыкка келишти. Бир нече аптадан кийин экинчи вариантына кабылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз