Четверг, 2 мая

Иран Израилге кызмат кылган тыңчыларды кармагынын жар салды

0

Иран Израилдин тышкы чалгындоо агенттиги Моссад менен байланышы бар 5 кишиден турган тыңчылык топтун аныкталып, камакка алынганын жарыялады.

Ирандын расмий агенттиги IRNA коопсуздук директорлугунун чалгындоо кызматынын билдирүүсүнө таянып, өлкөдө «Моссад менен байланышы бар тыңчылык топтун мүчөлөрүнүн» камакка алынганын билдирди.

Билдирүүдө кармалгандардын өлкөдө өрт коюу жана саботаж иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле чалгындоо маалыматын чогултууга үйрөтүлгөнү белгиленген.

Операцияда колго түшүрүлгөн тыңчыларга таандык бир катар жабдыктар менен ар кандай байланыш каражатарынын алынганы билдирилди.

Иран өткөн аптада өлкөгө террордук жана саботаждык чабуулдарды жасоо үчүн кирген Моссад менен байланышы бар тыңчылык топту кармаганын жарыялаган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз