Четверг, 2 мая

Шашылыш билдирүү! Сел жүрүшү мүмкүн

0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-июлдан 31-июлга чейин температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Ысык-Көл облусунун дарыяларында, дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп, суу каптоолор болушу ыктымал.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз