Четверг, 2 мая

Кытай Тайвандын айланасында чыныгы ок дары менен машыгуу өткөрүүдө

0

Кытайдын Элдик-боштондук армиясы Тайвандын айланасында чыныгы ок дары колдонуу менен масштабдуу машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы билдирди.

АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайбэйге сапарына жооп иретинде жасалган машыгуулар кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Бишкек убактысы боюнча 10:00) аралдын тегерегиндеги алты аймакта башталды. Ал жекшемби күнү түшкө чейин уланат.

Кытай тарап машыгуу өтүп жаткан аймактардагы кемелер менен учактарга акваторияга жана аба мейкиндигине кирбөө тууралуу эскертүү берди.

Ал эми Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Тайвань иштери боюнча кеңсесинин өкүлү Ма Сяогуан Пелосинин Тайванга сапарын «демократия менен эркиндикти бузуу» деп баалады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз