Четверг, 2 мая

Видео. Азербайжандын учкучсуз учагы Карабахтагы армян жоочулдарын жок кылды

0

Азербайжан армиясы тарабынан Карабахтагы мыйзамсыз армян куралдуу топторуна таандык бир нече позиция жок кылынды. Мурда Азербайжанга караштуу болгон, бирок армяндар ээлеп турган Агдере облусунун Жогорку Оратаг конушундагы аскердик бөлүккө да абадан чабуул жасалды.

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта Орусия аскерлеринин убактылуу көзөмөлүндөгү аймактарда мыйзамсыз армян күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн террордук жана саботаждык кыймылдын натыйжасында Азербайжан армиясынын бир аскеринин шейит болгону эске салынды.

Билдирүүдө армян күчтөрүнүн Келбежер жана Лачын провинцияларын камтыган тоо кыркаларында Кырккыз бийиктигин басып алууга жана ал жерде жаңы позицияларды түзүүгө аракет кылып жатканы белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз