Среда, 24 апреля

Нигерияда коопсуздуктун айынан поезд каттамдары токтотулду

0

Нигерияда коопсуздук маселелеринин күчөшүнөн улам бардык поезд каттамдарынын токтотулганы кабарланды.

Нигериялык темир жол компаниясынын директору Фидет Охирианын айтымында, куралчан адамдар Коги штатындагы Аяокута темир жол станциясында жүргүнчүлөргө кол салышкан.

Охириа өлкөдө күчөгөн коопсуздук маселелеринен улам бардык поезд каттамдарынын кийинки билдирүүгө чейин токтотулганын билдирди.

Террористтер мурдараак Кадунадагы темир жол станциясына бомбалуу кол салуу жасап, окуяда 8 киши каза болуп, 46 киши жараланды.

Бул окуядан улам борбор шаар Абуджа менен Кадунанын ортосундагы поезд каттамдары убактылуу токтотулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз