Суббота, 21 сентября

Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды

0

Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды. Мындай чечимди Жогорку Сот Жапаровдун адвокаты Шарабадин Токтосуновдун соттук коллегиянын курамына, төрагалык кылган судьяга ишеним көрсөтпөгөнүнөн улам кабыл алды. Ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганы айтылды.

Жапаровдун  адвокаты Шарабадин Токтосунов мурдагы ишти да ушул соттук курам карагандыгы үчүн сотко ишеним көрсөтпөдү. Отурумга Садыр Жапаров өзү алынып келинген жок.

Эскерте кетсек 23-апрелде Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин да соту болот.

Соттук отурумдарга байланыштуу «Ата Мекен» жана Жапаров лидерлик кылган «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү бүгүн митингге чыкты. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну соттон талап кылышууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз