Пятница, 17 мая

Видео. Чаткалда катуу сел жүрдү

0

Чаткалда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-августта саат 19:00дөр чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 20-25-чакырым аралыгында жол каттамдар убактылуу жабылган.

Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел суулары кирген.

Жерине ӨКМден 3 кызматкер, 2 жүктөгүч тартылып, сел алган жолду калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

https://youtube.com/shorts/lzMZRHgITVo?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз