Суббота, 4 мая

УКМК: миллиондогон акчасы бар мектептин директорун кармадык

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, ал окуучулардын ата-энелеринен туруктуу акча алып турган коррупциялык схема түзгөн.

“Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Х.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылгып турган”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, шектүү мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында аларды жакындарына жана ишенимдүү адамдарга каттатып жүргөн. «Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк – жер тилкелери, коттеждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер бар экени аныкталган. Алардын болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын деп бааланууда».

УКМКнын маалыматына ылайык, мектеп директорунун кеңсесин, жашаган жерин тинткенде чет элдик валютадагы ири суммадагы каражат, мүлктөрдүн документтери табылган. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз