Пятница, 3 мая

Видео. Манапбаев: Кыргызстан Орусияга кошулушу керек

0

Социалдык тармактарда жарандык активист Амантур Манапбаевдин Кыргызстан Орусияга биригиши керек деген пикири талкууга алынууда.

Анын пикиринде бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктарды эффективдүү жеңүү үчүн биригүү керек.

Амантур Манапбаев социалдык тармакка жарыялаган видеосунда “Биз жаңы дүйнөлүк өнүгүү борборлорунун айланасына биригишибиз керек, менин оюмча, бул — Орусия”, — деп билдирген.

Манапбаев Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү болуп саналат. Ал Орусия Федерациясынын жогорку партиялык мектебинде билим алган.

Буга чейин Амантур Манапбаевдин орусиялык басылмалардын бирине берген маеги жарыяланган.

Анда ал: “Биз Орусиянын Украинадагы атайын операциясын толук колдошубуз керек деп ойлойм. Кыргызстандын калкынын аң-сезимдүү бөлүгү батыштын социалдык тармактарындагы цензурага жана боштондук операциясынын маалыматтык дискредитациясына карабастан, баарын эң сонун түшүнөт”, — деген пикирин билдирген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз