Четверг, 9 мая

Фото. Мурдагы аялын талаага алып барып зордуктаган киши кармалды

0

Кызыл-Кыяда мурдагы аялын зордуктап, денесине жарат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. Кызыл-Кыя шаардык милициясына кайрылып, ушул жылдын 21-июлда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. талаага коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен каттаго алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 2022-жылдын 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз