Четверг, 21 ноября

Кытай Илон Маск менен жарышууда. Асманга 16 спутник учурду

0

Кытай жерди жана атмосфераны байкоо спутниктеринен турган 16 спутникти космоско жөнөттү.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, «Жилин-1 Гоафен 03Д09» жана «Юняо-1 04-08» спутниктери камтылган спутник тобу Шанси провинциясындагы Тайюэн спутник борборунан «Лонг Марш-6» ташуучу ракетасы менен учурулду.

Спутниктердин учурулгандан кийин пландалган орбиталык позицияга жайгашкандыгы билдирилди.

Бул учуруу «Лонг Март» ракеталары менен ишке ашырылган 432- ийгиликтүү космостук миссия болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз