Суббота, 4 мая

Ош облусунда 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

0

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүнүн орун басары Эрнис Толтоев “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” токтомго жараша ар бир райондон чакан ишкерликти өнүктүрүүгө ынтызар үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

“Айыл өкмөттөрүндө, райондордо комиссиялар түзүлдү. Бул саамалыкка кызыккан үй-бүлөлөр чакан бизнес долбоорлорун даярдап, комиссияларга тапшырып жатат. Комиссия карап чыгып, макулдук берген долбоорлорго ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Облустагы жети райондон 50дөн үй-бүлө тандалып алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Ош облусунда 16 жашка толо элек балдары бар 32 миңге жакын үй-бүлө жөлөк пул алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз