Воскресенье, 29 сентября

Кыргызстандын тышкы иштер министри Түркияга барат

0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 16-17-август күндөрү Түркияда расмий визит менен барат.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, визиттин алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү, биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйыны өтөт. Анын алкагында кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланмакчы.

Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз