Воскресенье, 28 апреля

Фото. Азербайжандын Лачын облусунда армяндар төшөгөн 991 даана мина табылды

0

Азербайжандын Лачын облусунун чыгышында мыйзамсыз куралдуу армян күчтөрү тарабынан жайгаштырылган мина талаасы табылды. 

Азербайжандын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта бөлүктөр тарабынан 15-августта аймакта  жүргүзүлгөн чалгындоо  иштеринин натыйжасында 991 даана PMN-E  үлгүсүндөгү жөө аскерлерге каршы мина табылганы билдирилди.

Билдирүүдө миналардын аскердик бөлүктөр тарабынан чыгарылып, жок кылынганы маалымдалды.

Миналардын баарынын 2-Карабах согушунан кийин 2021-жылы Арменияда чыгарылгандыгына көңүл бурулду. 

Карабахта мыйзамсыз армян күчтөрүнүн 3-августта жасаган провокациясынын натыйжасында бир аскер шейит болуп,  Азербайжан армиясы «Кысас» операциясын жүргүзгөн.

Операцияда Кичи Кавказ тоо тизмегинин Карабах кыркасындагы Сарыбаба жана башка дөңсөөлөр көзөмөлгө алынды. 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз