Суббота, 27 апреля

Путин менен Си Цзиньпин Батышка чогуу моюн толгойбу?

0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин Индонезиядагы G20 саммитине катышса, анда бул эки өлкө тең Батыштын үстөмдүгүнө баш ийбей, дүйнөдө өздөрүнүн канчалык маанилүү экенин далилдеп жатканынан кабар берет. Бул тууралуу кытайлык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин Индонезиянын президенти Жоко Видодо Путин аны менен сүйлөшүүдө саммитке келүү ниетин билдиргенин ырастаган. Видодо Си Цзиньпин да лидерлердин жолугушуусуна келерин айткан. Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тастыктай элек.

Макалада Москва, Пекин жана Батыштын ортосундагы тирешүү «Чоң жыйырмалыктын» жыйынына көлөкө түшүрүп, башка өлкөлөргө бир топ кесепетин тийгизери айтылат.

Буга чейин Видодо тирешип жаткан тараптарга диалог аянтчасын түзүп берип, тынчтык жана туруктуулукту орнотууга кызыкдар экенин айткан. Ошондой эле ал бул нерсени чөлкөмдө Индонезия гана эмес, бүтүндөй Азия өлкөлөрү каалап жатканын кошумчалаган.

«Чоң жыйырмалыктын» лидерлеринин саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин АКШ жана бир катар өлкөлөр быйыл G20га төрагалык кыла турган Индонезияга Украинадагы абалдан улам Орусиянын саммитке катышуусунан баш тарттыруу үчүн басым жасаганга аракеттенген. Бирок Жакарта Орусияга чакыруу жолдонгонун жана аны кайрадан артка чакырууга мүмкүн эместигин айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз