Суббота, 27 апреля

Президент санариптешпеген аткаминерлерди 2-сентябрда кызматтан алат

0

Президент Садыр Жапаров министрлик жана ведомстволордун санарипке өтүү темпи жай жүрүп жаткандыгына нааразы.

Мамлекет башчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү калтырып, анда чиновниктерге эскертүү берди.

«Санарип министрине бир жылдык мөөнөт берилип, «Бардык министрликтерди жана мамлекеттик мекемелерди санарипке өткөрөсүң» деген милдеттеме коюлган. Жарым жыл өттү. Таблицада көрүнүп тургандай кайсыл министрлик толук маалыматтарын 1-сентябрга чейин бербесе, 2-сентябрь күнү өз каалооңуздар менен арызыңарды жазып келе берсеңер болот. Санарипке өтүүнү каалабаган министрлик же мамлекеттик мекемелер коррупциялашкан мекемелер. «Мурдагыдай эле кагаз менен иштеп, уурдап жашай беребиз» дегендер деп билебиз», — деп жазган Садыр Жапаров.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз