Суббота, 27 апреля

Видео. Журат Абдуллаев: “Эмнеге мындай кыласыңар?”

0

Ишкер, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын тең ээлеринин бири Журат Абдуллаевдин кармалган учурдагы видеосу социалдык түйүндөрдө тарады. Спецназ кармаган учурда ал “Жумуштан келе жатам мен. Эмне үчүн ушунчалык.. Жакшылык кылып эле жүргөн баламын. Эмнеге ушундай кыласыңар” – деп айтканын угууга болот.

Мурдараак Журат Абдуллаев ок атуучу курал-жарак, ок-даары жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматында, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган.

https://youtube.com/shorts/4EXVcrk_TZI?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз