Воскресенье, 5 мая

Махмуд Аббас Түркияга барды

0

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага барбы.

Палестинанын расмий маалымат агенттиги WAFAнын кабарына караганда Махмуд Аббастын сапары 3 күнгө созулат.

Палестинанын Анкарадагы элчиси Фаед Мустафа, Аббастын Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу карым-катнаштарды талкуулай турганын айтты.

Эки лидердин жолугушуусунда Палестинадагы окуялар, эки тарапты кызыктырган аймактык жана эл аралык маселелер каралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз