Воскресенье, 5 мая

Зеленский: Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата Орусия чабуулун күчөтөт

0

Киев жетекчилиги 24-августтагы Украинанын Эгемендүүлүк күнүнө карата Орусия айрым шаарларды, анын ичинде борбор шаарды бутага алышы мүмкүн деген билдирүүлөрдү жасап жатат.

Муну менен катар Украинанын Башкы штабы Луганск аймагында орус аскерлеринин 5 ири чабуулунун мизи майтарылганын билдирди.

Башкы штабдын билдирүүсүндө орус аскерлеринин Суми аймагындагы эки аймакка артиллериялык кол салуу уюштурганы жана Харьков багытындагы эки калктуу пунктка танк жана ракета менен сокку урганы белгиленди.

Билдирүүдө Бахмут жана Крамотроск багытында чабуулдардын уланганы, бирок Славянск, Авдеевка, Запорожье багытындагы кээ бир айылдарды басып алууга аракет кылган орус аскерлеринин чегингени айтылды.

Украинанын Башкы штабынын маалыматына таянсак, согуш башталгандан бери каза болгон орус жоокерлеринин саны 45 миң 400гө жетти.

Мындан тышкары Орусияга таандык 234 учак, 198 тик учак, 1917 танк, 4230 бронетехника, 266 ракета атуу системасы, 145 абадан коргонуу системасы жана 815 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз