Суббота, 4 мая

Кыргыз эли уул-кыздары үчүн аза күтүүдө

0

Орусияда кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу өлкө бүгүн, 23-августта аза күтүүдө. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров жарлыкка кечээ кол койгон.

Ага ылайык, бүгүн өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туулары ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз